06

Июль

2022

Бакыт Төрөбаев «SKY Industrial Group» лифт жабдууларын өндүрүүчү ишканада болду

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев «SKY Industrial Group» ЖЧК лифт жабдууларын өндүрүүчү ишканага барды.

Министрлер Кабинетинин башчысынын орун басары өндүрүш цехтерин көрүп чыгып, чыгарылган продукция менен таанышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Бакыт Төрөбаев, Бишкек шаарынын вице-мэри Олег Попиков жана «SKY Industrial Group» компаниясынын жетекчиси Рахат Жунушбаева борбордун лифт чарбасын модернизациялоо маселелерин талкуулашты.