06

Июль

2022

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров маалымат чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров маалымат чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушту. 

Жолугушуунун негизги максаты - жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө жана блогерлерге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жакынкы жана орто мөөнөттүү келечектеги милдеттери тууралуу маалымат берүү, аларды кызыктырган суроолорго жооп берүү.

Бетачарда Акылбек Жапаров натыйжалуу фискалдык саясаттын аркасында 2021-жылы консолидацияланган бюджеттин ресурстары 312 млрд сомго жеткенин, бул өткөн жылга салыштырмалуу 64,5 млрд сомго көп экендигин белгиледи. «Быйылкы жылга биз бажы жана салык кызматтары боюнча белгиленген планды жалпысынан 100 млрд сомго көбөйттүк. 2023-жылы тышкы карызды төлөөнүн туу чокусуна жеткендиктен, биз ынтызарлык менен иштешибиз керек», - деди ал.

Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, консолидацияланган бюджеттин киреше бөлүгүн жогорулатуу эсебинен 2022-жылдын 1-апрелинен тартып мугалимдердин, медициналык жана социалдык кызматкерлердин, маданият кызматкерлеринин айлык маянасын көтөрүүгө, ошондой эле социалдык жөлөкпулдардын өлчөмүн жогорулатууга мүмкүн болду.

«Контролук-кассалык машиналарды ишке киргизүү боюнча иштер улантыларын белгилеп кетким келет. Жакынкы күндөрү кассалык машиналарды ишке киргизүүгө каршы чыгып жаткан ишкерлерден жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топтун мүчөлөрү менен кайрадан жолугушам. Бир пикирге келебиз деген үмүттөмүн», — деди Акылбек Жапаров.

Бетачардын соңунда суроо-жооп форматында ачык диалог болуп, анын жүрүшүндө Акылбек Жапаров медиа чөйрө өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди.

Белгилей кетсек, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, блогерлер жана жарандык активисттер менен жолугушуу практикасы улантылмакчы.