13
Июль
Жалал-Абад облусунун калкы менен жолугушуунун биринчи этабы жыйынтыкталды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Курманкул Зулушев, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Улан Ниязбековдун катышуусунда Жалал-Абад облусунун калкы менен жолугушуунун биринчи этабы жыйынтыкталды.
Жалал-Абад облусунун бир катар райондорунун жашоочулары менен болгон жолугушуулардын жыйынтыгында 400дөн ашуун кайрылуулар келип түшкөн. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин дарегине эле 60 жакын адам кайрылган.
Жалпысынан 200гө жакын жазуу жүзүндөгү жана 500дөн ашык оозеки кайрылуулар түшкөн. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына 116 кайрылуу келип түшкөн, анын ичинен 56сы – коррупцияга каршы аракеттерге жана мыйзамдын талаптарын аткарбоого, 33ү – изи сууй электе ишти иликтөө, 25и чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөөгө тийиштүү болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги аркылуу 30 кайрылуу катталган. 18 кайрылуу ички иштер кызматкерлеринин аракеттерине тиешелүү болсо, 12 кайрылуу боюнча ички текшерүү жүргүзүү тапшырмасы берилген.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Улан Ниязбеков Жалал-Абад облусунун 3 жаранын жеке кабыл алды. Белгилесек, жарандардан келип түшкн бардык кайрылууларга жыйынтык жооп берилет.
Бекитилген планга ылайык, 2022-жылдын 13-15-июлуна чейин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Курманкул Зулушев жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Улан Ниязбеков Жалал-Абад облусунун калган райондорун, анын ичинде Сузак, Ноокен, Базар-Коргон райондорун, ошондой эле Жалал-Абад шаарын кыдырышат.
Жолугушуулардын жүрүшүндө тургундарга мамлекеттик бийлик органдарынын иши жана өз көйгөйлөрү тууралуу айтууга мүмкүнчүлүк берилет