18

Июль

2022

Күч блогундагы министрликтердин жетекчилери 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн отчет беришти

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Улан Ниязбеков жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев жалпыга маалымдоо каражат өкүлдөрү, активисттер жана блогерлер менен жолугушууга катышты.

Бейформал жолугушуунун жүрүшүндө 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн аталган мамлекеттик органдардын ишинин жыйынтыгы чыгарылып, алдыга коюлган кыска жана орто мөөнөттүү милдеттери жөнүндө маалымат берилди.   

Медиа коомчулуктун өкүлдөрү 30дан ашуун суроолорго жооп ала алышты.

Тактап айтканда, “Ихсан” турак жай кооперативинин айланасында козголгон кылмыш иши, жол-транспорт кырсыктарынын, үй-бүлөлүк зомбулук фактыларынын санын азайтуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин айлык маянасын жогорулатуу боюнча маселелер көтөрүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министри отчеттук мезгилдеги өзгөчө кырдаалдардын статистикасына токтолуп, анын ичинде акыркы мезгилдерде аймактарда болуп өткөн өзгөчө кырдаалдар боюнча маалыматтарды берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев калкты мүлктү камсыздандырууга жигердүү катышууга чакырып, бул жарандарга камсыздандыруу окуясы орун алган учурда келтирилген зыяндын олуттуу бөлүгүн жабуу үчүн камсыздандыруу суммасын алууга шарт түзөрүн белгиледи.

Бекитилген графикке ылайык, 2022-жылдын 19-июлунда жолугушууга Санариптик өнүктүрүү министрлиги, Айыл чарба министрлиги, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги сыяктуу реалдуу сектордогу мамлекеттик органдардын жетекчилери катышмакчы.