19
Июль
2022
Реалдуу сектордун министрликтери 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн аткарган иши тууралуу отчет беришти
Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова жана Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, активисттер жана блогерлер менен жолугушууга катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө аталган мамлекеттик органдардын 2022-жылдын 6 айындагы ишинин жыйынтыгы чыгарылып, андан соң суроо-жооп форматында пикир алышуу улантылды.
Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, активисттер жана блогерлер 40тан ашык суроолорго, анын ичинде коомдук талкуу жараткан суроолорго жооп ала алышты.
Атап айтканда, Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов 2020-жылы «Дастан» трансулуттук корпорациясы» ачык акционердик коомунун төрагасы болуп турганда өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттарын сатып алуу тууралуу айтып берди. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова Кумтөр кенин иштетүүдө экологиялык зыяндын ордун толтуруу маселеси боюнча пикирин билдирди.
Ал белгилегендей, ар бир инвестор, же чарба жүргүзүүчү субъект ал иштеп жаткан өлкөнүн мыйзамдарын, анын ичинде жаратылышты коргоо боюнча мыйзамдарын сактоого тийиш.
«Мыйзам бузуулар үч комиссия тарабынан аныкталган. Бул жерде менин позицияма карата эч кандай бурмалоо, ошондой эле түрдүү чечмелөө болушу мүмкүн эмес: факт бар жана аны эч ким жокко чыгара элек. Соттук териштирүү уланууда, маселеге акыркы чекит коюла элек», - деп жыйынтыктады Динара Кутманова.
Белгилей кетсек, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тапшырмасы боюнча мамлекеттик ведомстволордун жетекчилери 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишинин жыйынтыгы тууралуу маалымат беришүүдө.
2022-жылдын 18-19-июнунда медиа коомчулуктун өкүлдөрү менен күч блогунун жана реалдуу сектордун жетекчилеринин жолугушуулары болуп өттү. Бекитилген графикке ылайык, эртең экономикалык блоктун министрликтеринин:
Финансы министрлиги жана Экономика жана коммерция министрлигинин жетекчилери аткарылган иштер боюнча отчет беришет.