20

Июль

2022

Бакыт Төрөбаев: Жашыл курулуш - бул жашоонун таптакыр жаңы концепциясы. Имараттарды пайдалануу, эксплуатациялоо жана башкаруу боюнча жаңы процесстерди киргизүү зарыл.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев бүгүн, 20-июлда, Кыргызстандагы жеке сектордун жашыл ишкердик боюнча ачык жыйынына катышты.  

 Иш чарада сөз сүйлөгөн Бакыт Төрөбаев Кыргызстан соңку жылдары экологиялык курулуштарга, жашыл ишкердүүлүккө өзгөчө көңүл буруп жатканын баса белгилеп өттү.  


Жашыл демилгелерди колдоонун алкагында мамлекет башчысы Садыр Нургожоевич 30-июнда «Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө» жаңы мыйзамга кол койду. Ага ылайык ЭКБ долбоорлору үчүн 15 жылдык жеңилдетилген мезгил белгиленген жана  энергиянын кайра жаралуучу булактары үчүн электр энергиясын сатып алууга кепилдик берилет. Кайра жаралуучу энергия булактарын куруу үчүн өлкөгө алынып келинген жабдуулар КНСтен бошотулган. Ата мекендик ишкерлер Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарына жакын жерде шамал жана күн станцияларын куруунун үстүндө иштеп жатышат – деди Бакыт Төрөбаев. 


Соңку жылдары Кыргызстанда калктын санынын өсүүсү менен турак жайга болгон суроо талап да жогорулап барат. Мындай көрсөткүчтөр курулуш тармагында иштеген жеке сектор үчүн чоң мүмкүнчүлүк. Бакыт Төрөбаев калктын муктаждыгын орундатууда мамлекеттик ипотекалык компания да иш алып барып жатканын кошумчалады.


Учурда бир кишиге орточо эсеп менен 18 чарчы метр  турак жай менен камсыз кылуу белгиленсе, анда  республикасынын бардык калкы үчүн 117 млн чарчы метр  турак-жай туура келет.  2020-жылы турак жай фондунун тартыштыгы 30,9 млн чарчы метрди түздү.  Мындай көрсөткүчтөр курулуш тармагында иштеген жеке сектор үчүн чоң мүмкүнчүлүк”.


Ошондой эле министрлер кабинетинин башчысынын орун басары колдонуудагы курулуш нормаларын жана эрежелерин (СНиП) тактоо, аларды экостандарттарга ылайыкташтыруу  зарылдыгын айтып, ага жараша мүмкүнчүлүктөр менен бирге биргелешкен иштин натыйжасы сөзсүз пайда болот, -  деп сөзүн жыйынтыктады Төрөбаев. 


Жашыл ишкердик боюнча ачык жыйын ЖИА бизнес ассоциациясы тарабынан уюштурулуп, ага мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, жеке сектордун өкүлдөрү жана жашыл ишкердик тармагындагы эксперттер катышты.