25

Июль

2022

Социалдык блоктун жетекчилери 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарылган иштер тууралуу отчет беришти

Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, активисттер жана блогерлер менен жолугушууга катышты. 

Жолугушуунун жүрүшүндө аталган мамлекеттик органдардын 2022-жылдын 6 айындагы ишинин жыйынтыгы чыгарылып, андан соң суроо-жооп форматында (40тан ашык суроо берилди) пикир алышуу улантылды.

Тактап айтканда, Билим берүү жана илим министри билим берүү тутумундагы реформаларга, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча айрым чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашырууга кеңири токтолду.

Алмазбек Бейшеналиев маалымдагандай, кызматта өзүн мыкты көрсөткөн, бирок сынактан өтпөй калган мектеп директорлоруна Билим берүү жана илим министрлигинде жана анын республикалык жана райондук маанидеги ведомстволук мекемелериндеги бош орундар сунушталат. 

Өз учурунда Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков республикага инсулиндин ири партиясы алынып келингендиги тууралуу маалымдады.  

«Жылдын аягына чейин бардык региондор тийиштүү көлөмдөгү инсулин менен камсыз болот», - деди ал.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев маалымдагандай, Кыргыз Республикасында 219 миң 704 аз камсыз болгон үй-бүлөлөр катталган, аларга санариптик социалдык паспорттор толтурулган.

Кудайберген Базарбаев социалдык тармактын кызматкерлеринин эмгек акысын жана социалдык төлөмдөрдүн көлөмүн жогорулатуу маселесине кеңири токтолду.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов 1-апрелден тарта маданият, маалымат жана спорт тармагында иштеген кызматкерлердин айлык акысы 100%га чейин жогорулатылгандыгын билдирди.

«Жакында 23 миң орундук футбол стадионунун курулушу башталат. Ири спорт объектисинин курулушу белгиленген орун аныкталды, жакында капсула салуу болот. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президенти катышаары пландалууда», - деп белгиледи Азамат Жаманкулов.

Эске салсак, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тапшырмасы боюнча мамлекеттик ведомстволордун жетекчилери 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишинин жыйынтыгы тууралуу маалымат берүүдө.

Графикке ылайык, шейшемби күнү, 2022-жылдын 26-июлунда, Министрлер Кабинетинин карамагындагы мамлекеттик органдардын жетекчилери аткарылган иштер тууралуу отчет беришет.