27

Июль

2022

Өкмөттүк делегациялардын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү

Тараптардын жетишилген макулдашууларына ылайык, 2022-жылдын 21-26-июлунда Кыргыз Республикасынын Баткен шаарында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

Тараптар кезектеги жолугушууну Тажикстан Республикасынын аймагында өткөрүүнү макулдашты.

Жолугушуу достук жана өз-ара түшүнүшүү манайында өттү.