27

Июль

2022

2022-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жыйынтыктоочу маалымат жыйыны болуп өттү

ЖМК өкүлдөрү, активисттер жана блогерлер менен болгон жыйынтыктоочу жыйынга Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев, Энергетика министри Доскул Бекмурзаев жана Юстиция министри Аяз Баетовдор катышты. 

Жолугушуунун жүрүшүндө аталган мамлекеттик органдардын 2022-жылдын 6 айындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылып, андан соң суроо-жооп форматында баарлашуу улантылды (50дөн ашык суроо берилди). 

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Борбор Азия өлкөлөрүнүн Консультативдик кеңешинин жыйынтыгы боюнча Тажикстан Республикасы менен Түркмөнстандын башчылары эмне үчүн келишимге кол койбой калганын түшүндүрдү. 

«Документке 2-3 жуманын ичинде кол коюлат, ички процедуралар ушунча убакытты алат. Биз буга толук ишенебиз», - деди Кулубаев.   

Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев жергиликтүү, облустук, республикалык жана эл аралык маанидеги жолдорду куруу жана реконструкциялоо боюнча маалымат берди. 

Анын айтымында, быйылкы жылы жолдорду оңдоого жана кароого республикалык бюджеттен 7,5 миллиард сом каралган.  

Энергетика министри Доскул Бекмурзаев жүргүзүлүп жаткан тариф саясаты тууралуу маалымат берип, электр энергиясына чексиз жаңы тариф киргизилип жатканын белгиледи.  

«Бизде бир кВт үчүн 5,4 сомдон төлөй турган жарандар бар. Зарылчылык жаралса, электр энергиясын жогорулатылган тариф менен беребиз», - деди энергетика министри.  

Юстиция министри Аяз Баетов Жаза аткаруу кызматы менен Соттук өкүлчүлүк борбору мамлекеттик органдын башкаруусуна өткөнүн билдирди    

«Биз бардык түзөтүү мекемелерин Бишкек шаарынын аймагынан чыгарып жатабыз. Жаңы функцияларга ылайык, арбитраждык териштирүүлөрдү алып баруу да толугу менен бизге өттү. Биз бир катар ири арбитраждык териштирүүлөрдө жеңишке жетиштик, бирок саясатчылардын бул иштер боюнча жигердүү сүйлөгөн сөздөрү менен байланышкан кемчиликтер да бар», - деген Аяз Баетов коомчулукту өз билдирүүлөрүндө этият болууга чакырды.   

Эске салсак, министрлер кабинетинин төрагасынын тапшырмасы боюнча мамлекеттик ведомстволордун жетекчилери 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишинин жыйынтыгы тууралуу маалымат беришти.  

Жалпысынан президенттик аппараттын маалыматтык саясат кызматы уюштурган маалымат жыйындарына 19 мамлекеттик органдын жетекчилери жана 60тан ашык ЖМК өкүлдөрү, активисттер жана блогерлер катышты.  

Белгилей кетсек, отчеттуулуктун мындай формасы мындан ары да улантылат, жылды жыйынтыктоочу маалымат жыйындарды өткөрүү пландаштырылууда.