02

Август

2022

Чүй облусунда мамлекеттик органдардын жетекчилеринин калк менен жолугушуулары башталды

Кыргыз Республикасынын Чүй облусунда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин калк менен жолугушуулары башталды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча өткөрүлүп жаткан жолугушууларга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Курманкул Зулушев, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов, Чүй облусундагы Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев катышууда.

Бүгүн Панфилов районунун Панфилов айылында, ошондой эле Жайыл райондук мамлекеттик администрациясында жарандар менен жолугушуулар болду.

«Бул жолугушуулар Мамлекет башчысынын тапшырмасы менен өтүп, көйгөйлүү маселелерди жана жарандардын кайрылууларын чечүүгө багытталган. Буга чейин Жалал-Абад облусунда өткөн жолугушууларга 4 миңден ашуун адам катышып, 1 миңге жакын кайрылуулар түшүп, алар тиешелүү түзүмдөр тарабынан каралган. Ар бир кайрылууга өзгөчө көңүл бурулуп, кылдаттык менен каралып, маселелерди чечүү боюнча тийиштүү чаралар көрүлөт. Мындан тышкары, жолугушууларга тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышып, консультацияларды өткөрүп, айтылган даттанууларды жана кайрылууларды жеринде изилдеп жатышат», - деди Бакыт Төрөбаев.

Жолугушууда Панфилов жана Жайыл райондорунун тургундары ичүүчү суу менен камсыздоо, райондордун социалдык инфраструктурасын жакшыртуу, жолдорду куруу жана оңдоо, ошондой эле укук коргоо жана прокуратура органдарына тийиштүү маселелерди көтөрдү.

Белгилей кетсек, эртең, 3-августта Москва жана Сокулук райондорунда, 4-августта Ысык-Ата жана Аламүдүн райондорунда, ал эми 5-августта Кемин жана Чүй облустарында эл менен жолугушуулар өтөт.