04
Август
ЕАЭБ аймагынан тышкары кагазды жана картонду, ошондой эле жыгачты жана жыгач материалдарын ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды

Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары регенерациялануучу кагазды жана картонду (макулатура жана таштанды) ташып чыгууга (экспорттоого) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынды.
Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынан жыгачты жана жыгач материалдарын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу тууралуу чечимге кол коюлду.
Аталган чечимдер расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.