05

Август

2022

Мамлекеттик орган жетекчилеринин Чүй облусунун калкы менен жолугушуулары аяктады

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин Чүй облусунун калкы менен жолугушуулары аяктады, ага жалпысынан облустун 2 миңден ашуун тургуну катышты.

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Курманкул Зулушев Кемин жана Чүй райондорунун, ошондой эле Токмок шаарынын тургундары менен жолугушту. 

Бакыт Төрөбаев белгилегендей, бул жолугушуулар Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча өткөрүлүүдө жана мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, укук коргоо жана прокуратура органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан көйгөйлүү маселелерди чечүүдө жарандарга даректүү жардам көрсөтүүгө багытталган.

Эки райондун тургундары жерди пайдалануу жана суу менен камсыз кылуу, инфраструктураны жакшыртуу маселелерин көтөрүштү.

Эске салсак, буга чейин Панфилов, Жайыл, Москва, Сокулук, Ысык-Ата жана Аламүдүн райондорунун тургундары менен жолугушуулар өткөн.

Белгилей кетсек, калк менен бул сыяктуу жолугушуулар өлкөнүн башка аймактарында да өткөрүлөт.