08

Август

2022

Нарын облусунда казалчы акын Казыбек Мамбетемин уулунун 120 жылдыгына арналган иш-чара өттү

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов казалчы акын Казыбек Мамбетемин уулунун 120 жылдыгына арналган иш-чарага катышты.

«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан Нарын облусунун жана жалпы өлкөнүн тургундарын ушул маанилүү окуя менен куттуктайм. Бул жөн гана катардагы бир акындын урматына арналган майрам эмес, бул жалпы улуттун майрамы. Казыбек акындын 120 жылдыгын белгилөө менен бирге бул окуяны репрессияга кабылып, “эл душманы”, “кулактын балдары” деген жалаадан арылган элдин жеңиши катары да бааласак болот. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Токтобек Асаналиев 10-15 жылдан бери Казыбек акынды реабилитациялоо боюнча тиешелүү кайрылууларды жасап, акыры акыйкаттыкка жетишти. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы тарыхый адилеттикти орнотуу максатында бул маселени Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жөнөтүп, андан соң корутунду сот органдарына жөнөтүлгөн. 2022-жылдын 16-февралында “эл душманы” аталган Казыбек акын Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан акталган. СССРдин Аскердик трибуналынын жана Жогорку сотунун чечимдери жокко чыгарылды. Убакыт өтсө дагы, анын жакшы аты калыбына келтирилген.», - деди Эдил Байсалов. 

Өз сөзүндө министрлер кабинетинин башчысынын орун басары катышып жаткан мамлекеттик катчы Суйунбек Касмамбетовго жана башкы прокурор Курманкул Зулушевге Казыбек казалчынын жаркын элесин калыптандырууга жана урматтоого колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Иш-чарага ошондой эле Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов катышты.

Иш-чаранын алкагында М.Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрынын «Казыбек казалчы» спектакли жана төкмө акындардын өнөрү тартууланды.