10
Август
Өнүктүрүү институттарынын координациялык кеңеши алдыңкы технологияларды киргизген долбоорлорду колдоого алат
Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү институттарынын координациялык кеңеши алдыңкы технологияларды киргизүүнү жана инновациялык ыкмаларды өнүктүрүүнү эске алуу менен стратегиялык жана инвестициялык долбоорлорду колдоого багытталган.
Тиешелүү долбоорлор өлкөнүн өнүктүрүү институттары тарабынан каржыланат.
Долбоордук табыштамаларды Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы координациялык кеңештин катчылыгына жана долбоордук кеңсеге жөнөтсө болот.
Белгилей кетсек, Өнүктүрүү институттарынын координациялык кеңешинин курамына мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун, Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фондунун, Кыргыз-Венгер өнүктүрүү фондунун жетекчилиги, Кыргыз Республикасындагы Евразия өнүктүрүү банкы, «Айыл Банк», «РСК Банк», «Кепилдик фонду» ачык акционердик коомдору, «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» Улуттук холдинг компаниясы», «Кыргыз Республикасындагы Туризмди өнүктүрүү фонду», аймактарды өнүктүрүү фонддорунун өкүлдөрү, «Кыргызстан банктар союзу» юридикалык жактардын бирикмеси, Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондору кирет.