12
Август
Камчыбек Ташиев Жаза аткаруу тутумунун кызматкерлеринин күнүнө арналган иш-чарага катышты
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу тутумунун кызматкерлеринин күнүнө арналган майрамдык иш-чарага катышты.
Майрамдык иш-чара Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жаза аткаруу кызматынын Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаменти жайгашкан жерде өттү.
Камчыбек Ташиев Жаза аткаруу тутумунун кызматкерлерин майрамы менен куттуктап, алардын жогорку кесипкөйлүгүн жана каармандыгын белгиледи.
Ал республиканын жетекчилиги жаза-аткаруу тутумунун кызматкерлеринин өлкөнүн коомдук коопсуздугун камсыздоого кошкон салымын жогору баалай турганын жана алар үчүн жагымдуу эмгек шарттарын түзүүгө милдеттенерин баса белгиледи.
Камчыбек Ташиев бюджеттик каражаттын эсебинен, 35 миллион сомго сатылып алынган атайын унаалардын ачкычтарын тапшырып, ошондой эле ведомствонун өзгөчөлөнгөн кызматкерлерин катардагы аскердик наамдар жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын атынан Ардак грамоталар менен сыйлады.
Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө анын катышуучуларына жана конокторуна «Омега» атайын багыттагы отрядынын жоокерлери даярдыктарын көрсөтүшүп, «Келечек» мамлекеттик ишканасы тарабынан даярдалган буюмдар тааныштырылды.
Камчыбек Ташиев ошондой эле Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаментинин аймагындагы клуб жана музей, Жаза аткаруу кызматынын окуу борбору менен таанышты.