15

Август

2022

Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев Баку шаарында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевди Баку шаарында Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев кабыл алды.

Жолугушуу Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарынын Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы Экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын 4-жыйынына катышуу үчүн Баку шаарына жумушчу сапарынын алкагында өттү.

Тараптар Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 19-20-апрелинде Азербайжанга болгон расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулады.

Эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн ар кыл багыттары, анын ичинде соода-экономикалык, транспорт-логистикалык, инвестициялык, соода-техникалык жана гуманитардык кызматташтыктын  келечеги боюнча пикир алышуу орун алды.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевге Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун саламын жана жакшы каалоолорун жеткирип, Кыргыз Республикасына каалаган ыңгайлуу учурда мамлекеттик сапар менен келип кетүүгө чакырды.