19

Август

2022

Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин телефон аркылуу сүйлөштү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин телефон аркылуу сүйлөштү.

Тараптар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Өзгөчө басым үстүбүздөгү жылдын 25-26-августунда Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынын эске алуу менен Евразия экономикалык биримдигиндеги интеграциялык өз-ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө жасалды.