19

Август

2022

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян менен телефон аркылуу сүйлөштү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүдө Акылбек Жапаров «Сурмалу» соода борборундагы жарылуунун натыйжасында адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

Тараптар ошондой эле соода-экономикалык кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана үстүбүздөгү жылдын 25-26-августунда Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына даярдыктардын жүрүшүн талкуулады.