19
Август
Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров жана Беларусь Республикасынын Премьер-министри Роман Головченко эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жана жана Беларусь Республикасынын Премьер-министри Роман Головченко телефондук сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулады.
Ошондой эле тараптар Евразиялык экономикалык биримдик алкагындагы интеграциялык өз ара аракеттенүүнүн маселелерин жана үстүбүздөгү жылдын 25-26-августунда Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйына даярдыктардын жүрүшүн талкуулады.