25

Август

2022

Россия Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин Кыргыз Республикасына келди

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келди.

«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан ардактуу конокту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.

Эске салсак, 2022-жылдын 25-26-августунда Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт, анда интеграциялык биримдик алкагындагы бир катар актуалдуу маселелер каралат.