25

Август

2022

Кыргыз Республикасына Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян келди

Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келди.

«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан сыйлуу конокту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.

Эске салсак, 2022-жылдын 25-26-августунда Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт, анда интеграциялык биримдик алкагындагы бир катар актуалдуу маселелер каралат.