26

Август

2022

Акылбек Жапаров: ЕАЭБ алкагында товарлардын, жумушчу күчтүн жана капиталдын эркин жүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик чараларын иштеп чыгуу зарылдыгы келип жетти

Евразия экономикалык биримдигинин алкагында товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, жумушчу күчтүн жана капиталдын эркин кыймылынын эрежелери так, түшүнүктүү жана аткарыла турган болушу керек. Мындай эрежелерди бузгандык үчүн жоопкерчилик чараларын иштеп чыгуу зарылдыгы келип жетти. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген курамдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Төмөндө Министрлер Кабинетинин башчысынын сүйлөгөн сөзүнүн текстин келтиребиз:

 «Урматтуу жыйындын катышуучулары,  

Сиздерди Орто Азия бермети – ыйык Ысык-Көлдүн жээгинде меймандос кыргыз жергесине кош келиңиздер демекчимин.

Куба Республикасы жана Өзбекстан Республикасынан келген байкоочу өнөктөштөрүбүзгө, ошондой эле Азербайжан Республикасынан келген ардактуу конокторго ыраазычылык билдирем.

Бүгүн, Евразия өкмөттөр аралык кеңеши менен катар Ысык-Көл жээгинде Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн Биринчи жаштар форуму өтүп жатат.

Аталган форумду жыл сайын өткөрүү биздин дагы бир жакшы салтыбызга айланып, ага коомубуздун экономикалык жактан эң активдүү бөлүгү - жаштарды тартуу менен экономикалык кызматташуубузду кеңейтүүгө мүмкүндүк берет деп ишенем.

Дүйнөдөгү оор саясий жана социалдык-экономикалык кырдаалга карабастан, Евразия экономикалык биримдиги интеграциялык кызматташтыкты ырааттуу түрдө тереңдетип, өз интеграциялык күн тартибин активдүү ишке ашырууда.

Кыргыз Республикасы Биримдиктин органдарында төрагалык кылуусу алкагында ЕАЭБге мүчө мамлекеттер жана Комиссия менен бирдикте Евразиялык экономикалык интеграциянын стратегиялык багыттарынын пландарын илгерилетүү, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин Төрагасынын кайрылуусунда айтылган демилгелерди толук ишке ашыруу, ошондой эле тышкы жана ички экономикалык чакырыктарга ыкчам жана натыйжалуу жооп кайтаруу боюнча жигердүү иштерди жүргүзүүдө. 

Биз кабыл алган чечимдердин жана аларды ишке ашыруунун натыйжасында интеграциялык бирикменин өлкөлөрүндө экономикалык көрсөткүчтөрдүн жана соода жүгуртүүнүн туруктуу өсүшүн кармап турууга мүмкүн болууда.

Биринчи жарым жылдыкта Биримдиктин экономикасы жакшы натыйжаларды көрсөтүп, биздин мамлекеттердин жалпы ИДПсы 3,6%га өстү, өнөр жайынын көрсөткүчтөрү да – 1,8%га, айыл чарбасы 1,6%га өсүү тенденциясын көрсөттү, ошондой эле негизги капиталга инвестициялардын көрсөткүчтөрү да 11,1%га өскөн.

2022-жылдын 7 айынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын ИДПсынын өсүү тенденциясы сакталууда. Алсак, реалдуу өсүү темпи 107,7%ды түзүп, анын көлөмү 425 млрд сомду түздү.

Январь-июнь айларында республиканын тышкы соода жүгүртүүсү 5,0 млрд АКШ долларын түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 25,4%га өстү. Интеграциялык бирикмеге мүчө мамлекеттер менен өз ара сооданын өсүшү 6 айда 34%ды түзсө, экспорт – 69%га, импорт 23%га өскөн.

Ошол эле учурда интеграциянын өнүгүшүнө тоскоол болуп жаткан көйгөйлөр бар экенин белгилегим келет. Бул бизден чечкиндүү чараларды көрүүнү, өзгөчө Биримдиктеги тоскоолдуктарды жоюуну талап кылат.

Өз кайрылуусунда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Президенти бир катар милдеттерди жана багыттарды, анын ичинде ЕАЭБ алкагында «төрт эркиндикти» камсыз кылууну белгиледи.

Үстүбүздөгү жылдын 27-майында Бишкек шаарында өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында мамлекет башчылары ички рыноктогу тоскоолдуктарды жоюуну артыкчылыктуу багыт катары аныкташкан.

Биз товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, эмгек ресурстарынын жана капиталдын эркин кыймылынын эрежелери так, түшүнүктүү жана аткарыла турган болушу керек деп эсептейбиз. Мындай эрежелерди бузгандык үчүн жоопкерчилик чараларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу зарылдыгы келип жетти.

Тактап айтканда, бүгүнкү күндө Биримдиктин мүчө мамлекеттери тарабынан мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөөчү жалгыз орган болуп саналган Комиссиянын компетенциясын толугу менен ишке ашыруу жана чыңдоо зарыл. Чындыгында ал товарлардын ички соодасы, кызмат керсетуу, финансы жана эмгек ресурстарынын кыймылы боюнча биздин талаш-тартыштарыбызда арбитр болуп саналат.

Тоскоолдуктарды жоюу механизмдери ички рыноктун иштешинин жалпы эрежелерин бузгандыгы учун жоопкерчилик жана жаза чараларын белгилее инструменттерин киргизуу менен Союздун сотунун компетенциясын толук көлөмдө пайдаланууга тийиш.

Биздин экономикалык союз ички рыноктун иштеши маселесинде башка бирикмелерге улгу болууга тийиш.

Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен, ушул багыттагы ишти активдештирүүнү жана ушул жылдын декабрында Кыргыз Республикасынын борборунда өтүүсү белгиленген Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги жыйынына Биримдиктин укуктук базасын өзгөртүү зарылдыгын эске алуу менен тийиштүү сунуштарды даярдоону сунуштайм. 

Урматтуу достор,

Биз ошондой эле бүгүнкү күндүн эң актуалдуу темасын – өз ара соодада улуттук валюталарды колдонууну өнүктүрүү маселесин талкууладык. Биз улуттук валюталар менен эсептешүүлөрдү өнүктүрүүнүн негизги багыттарын, ошондой эле аларга жетишүүнүн көрсөткүчтөрүн кеңири талкууладык.

ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин улуттук төлөм карттарын өз ара кабыл алууну камсыз кылуу, өз ара эсептешүүлөрдө улуттук валюталардын үлүшүн ырааттуу жогорулатуу менен корреспонденттик эсептерди пайдалануу менен эсептешүүлөрдү өнүктүрүү, ЕАЭБ мүчо мамлекеттер ортосунда финансылык маалыматтарды тоскоолдуксуз өткөрүү, уюмга мүчө мамлекеттердин улуттук валюталарынын валюталык жуптары менен биржалык сооданы өнүктүрүү. маселелери боюнча зарыл сунуштар аныкталды. 

Бул сунуштарды ишке ашыруу улуттук экономикалардын туруктуулугун жана биздин интеграциянын макроэкономикалык туруктуулугун жогорулатууга оң таасирин тийгизет деп ишенем.

Урматтуу кесиптештер,  

Импортту алмаштырууга жана технологиялык суверенитетти камсыз кылууга багытталган биргелешкен кооперация долбоорлорун ишке ашыруу биздин кызматташтыгыбыздын маанилүү багыттарынын бири болуп саналат жана мамлекет башчылары бул багыттагы иштерди күчөтүү зарылдыгын бир нече жолу белгилешкен.

Өнөр жай кооперациясын финансылоо максатында Биримдиктин алкагында өнүктүрүүнүн адистештирилген институтун түзүү маселелери, менин оюмча, учурдагы жөнөкөй эмес шарттарда маанилүү жана актуалдуу саналат.

Комиссия мүчө мамлекеттер менен биргеликте каржылоо булактары менен биргелешкен кооперациялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн адистештирилген институтту түзүүнүн конкреттүү механизмдерин ыкчам иштеп чыгып, үстүбүздөгү жылы биздин карообузга сунуштайт деп ишенем.

Урматтуу Өкмөт башчылар,  

Маанилүү жана өз убагында кабыл алынган чечимдердин бири – бүгүн кол коюлуп жаткан Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясын түзүү жөнүндө келишим саналат. Бул компанияны эл аралык финансылык уюм статусунда түзүү өз ара жана тышкы сооданы стимулдаштырууга, биргелешкен кооперациялык долбоорлору жана Евразия экономикалык биримдигинин инвестициясын ишке ашырууга багытталган.

Салттуу камсыздандыруу рыногунун кайра камсыздандыруу мүмкүнчүлүктөрүнө жеткиликтүүлүккө болгон чектөөлөрдү эске алуу менен, Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясы сооданын көлөмүн гана көбөйтпөстөн, улуттук экспорттук кредиттик агенттиктерге, камсыздандыруучуларга жана кайра камсыздандыруучуларга аналитикалык жана институционалдык өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү, алардын функцияларын толуктап, анын ичинде улуттук валютада кайра камсыздандыруу механизмдерин иштеп чыгуучу зарыл болгон өнүгүү институту болуп саналат. 

Урматтуу кесиптештер,

Уюмга мүчө-мамлекеттердин аймактарында транспорт чөйрөсүндө артыкчылыктуу интеграциялык инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилей кетейин.

Глобалдык өзгөрүүлөрдүн, атап айтканда салттуу транспорт коридорлорунун жана логистикалык чынжырлардын татаалданышы шартында, жаңы логистикалык коридорлорду өнүктүрүү жана толук кандуу транспорттук байланышты камсыз кылган транспорттук системаларды түзүү стратегиялык мааниге ээ. 

Биздин интеграциянын аймагында транспорттук-логистикалык инфраструктураны ырааттуу өнүктүрүү товарларды ташуунун ылдамдыгын жогорулатууну жана экономикаларыбызды өнүктүрүү үчүн транспорттук инфраструктуранын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат.

Урматтуу кесиптештер,  

Эмгек ресурстары биздин экономикабызда маанилүү роль ойнойт, ошол эле учурда биздин өлкөлөрдө иштеген жарандар үчүн эң ыңгайлуу шарттарды, анын ичинде жөнөкөйлөштүрүлгөн каттоо процедурасын түзүшүбүз керек.

Биздин жарандар жумушка орношууда бирдей мүмкүнчүлүктөрго ээ. Бирок, олуттуу артыкчылыктарга карабастан, ишке ашпаган мүмкүнчүлүктөр бар.

Бюрократияны жана кагаз жүгүртүүнү кыскартуу максатында, ишке орноштуруучу мамлекеттерде жумушчуларды каттоо үчүн санариптик технологияларды, ишке киргизүү, ошондой эле Союздук келишимдин жоболоруна ылайык медициналык жардам жана камсыздандырууга толук жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу зарыл.

Мүчө мамлекеттер тарабынан эмгек рыногунан бардык пайда жана жеңилдиктерди алуу үчүн Бирликке мүчө мамлекеттердин эмгекчилеринин мыйзамдуу жүрүшү жана эмгек ишмердүүлүгү үчүн зарыл шарттар түзүлүүгө тийиш. Ошону менен бирге, эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү жаңы улуттук актылар Биримдик жөнүндө келишимдин бардык жоболорун эске алууга жана Биримдиктин эмгек миграциясы жаатындагы максаттарына жетүү үчүн коркунучтарды жаратпоого тийиш.

Быйыл 27-28-сентябрда Бишкек шаарында «Бирдиктүү эмгек рыногун өнүктүрүү боюнча Евразиялык диалогду» өткөрүү пландалууда.

Бул форумда ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн делегациялары активдүү катышат жана анда жогоруда айтылган маселелер толугу менен талкууланат деп ишенебиз.

Биз бүгүн кабыл алып жаткан тарыхый маанилүү чечимдер келечекте интеграциялык бирикмебиздин негизин бекемдейт деп ишенем».