31

Август

2022

Беларусь Республикасынын Премьер-министри Роман Головченко Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровду республиканын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Беларусь Республикасынын Премьер-министри Роман Головченко Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровду республиканын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. 

«Экономикалык кызматташтыктын негизги маселелери боюнча өкмөттөр аралык конструктивдүү диалог жана интеграциялык байланыштарды ырааттуу тереңдетүү мындан ары да беларус-кыргыз кызматташтыгын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт деп ишенем», - деп айтылат куттуктоодо.

Роман Головченко Акылбек Жапаровго чың ден соолук, бакубатчылык жана алдыга коюлган милдеттерди ишке ашырууда ийгиликтерди каалады.