31

Август

2022

Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровду өлкөнүн Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровду Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

«Өзбекстан жана Кыргызстан элдеринин ортосундагы нукура достук мамилелер акыркы жылдары чыңдалып бара жатат. Биз бир тууган жана достук мамиледеги элдерибиздин кызыкчылыктарына кызмат  кылган эки тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди мындан ары карай өнүктүрүүгө жана активдештирүүгө кызыкдарбыз. Үстүбүздөгү жылы өткөрүлгөн жолугушуулар, ошондой эле алардын алкагында жетишилген макулдашуулар Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча биздин өкмөттөрдүн алдында турган милдеттерди натыйжалуу аткарууга кызмат кылат деп ишенем», - деп айтылат куттуктоодо.

Абдулла Арипов Акылбек Жапаровго чың ден соолук, бакыт жана жооптуу ишмердигинде чоң ийгиликтерди, ал эми бир тууган Кыргызстан элине тынчтык, бакубатчылык жана өнүгүүнү каалады.