31
Август
Азербайжан Республикасынын Премьер-министри Али Асадов Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровду республиканын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
Азербайжан Республикасынын Премьер-министри Али Асадов Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровду Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.
«Азербайжан жана Кыргызстандын элдерин жалпы тарыхы, улуттук жана руханий баалуулуктары байланыштырып турат. Стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө Декларацияга кол коюлушу менен өлкөлөр ортосундагы салттуу достук жана кызматташтык мамилелер сапаттуу жаңы деңгээлге көтөрүлүп, ырааттуу өнүгүп жаткандыгын канагаттануу менен белгилейм.
Өлкөлөр ортосундагы бардык тармактарда өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары карай арттыруу максатында өкмөттүк багыт боюнча жемиштүү жана конструктивдүү ишти улантууга даяр экендигимди билдирем», — деп айтылат куттуктоодо.
Али Асадов Акылбек Жапаровго чың ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүүнү каалады.