31
Август
Чехия Республикасынын Премьер-министри Петр Фиала Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровду республиканын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
Чехия Республикасынын Премьер-министри Петр Фиала Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровду Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.
Чехия Республикасынын Премьер-министри Петр Фиала белгилегендей, эки өлкө ортосундагы салтка айланган мамилелер ар дайым достук, кызматташтык жана өз ара сыйлоо багытында өнүгүп келген.
«Биздин өлкөлөр ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтык мындан ары да чыңдалып, өнүгө берет деп ишенем. Сизге жана Кыргыз Республикасына зор ийгиликтерди каалайм», - деп айтылат куттуктоодо.