02
Сентябрь
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев жана Сауд Аравиянын Элчиси Ибрахим Аль Ради эки тараптуу кызматташуунун абалын жана келечегин талкуулашты
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасындагы Сауд Аравия Королчулугунун Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибрахим Аль Ради менен жолугушту.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев белгилегендей, Сауд Аравия Королчулугу араб өлкөлөрү арасындагы Кыргыз Республикасынын маанилүү өнөктөшү болуп саналат.
«Биздин өз ара кызматташтыгыбыздын жогорку динамикасы 2022-жылы өзгөчө мааниге ээ, анткени быйыл биз Кыргыз Республикасы менен Сауд Аравия Королдугунун ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилейбиз. Биздин өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштар мындан ары дагы кеңейтилет деп ишенем. Кыргыз Республикасы экономиканын ар кыл тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр», - деди ал.
Өз кезегинде Ибрахим Аль Ради Кыргыз Республикасынын жарандарын Көз карандысыздык менен куттуктады жана эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын улантылышына ишенимин билдирди.
«Акыркы мезгилде Сауд Аравия Королчулугунун жана Кыргыз Республикасынын ортосундагы кызматташтыктын активдешүүсү байкалууда. Маанилүү окуялардын бири катары Кыргыз Республикасына Сауд Аравия Королчулугунан келген туристтердин санынын көбөйүшү болду. Бул жакшы иштердин башталышы экенине жана алдыда эки мамлекеттин кызыкчылыгына туура келген көптөгөн долбоорлор бар экендигине ишенем», - деп баса белгиледи элчи.