05

Сентябрь

2022

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Башкы прокурор Курманкул Зулушев Баткен жана Ош облустарынын тургундары менен жолугушууларды өткөрүүдө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Курманкул Зулушев жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары Адылбек Бийбосунов Баткен жана Ош облустарынын калкы менен бир катар жолугушууларды өткөрүүдө.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев белгилегендей, мындай жолугушуулар Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча бийлик органдары менен түз байланышты орнотуу жана белгилүү убакыттан бери чечилбей келе жаткан көйгөйлөргө жооп берүү максатында өткөрүлүүдө.

«Кыргыз Республикасынын Президенти аймактарга байма-бай чыгып, эл менен жолугушуп, жергиликтүү чиновниктердин ишине байланыштуу көптөгөн даттанууларды угат. Ошондуктан биздин жолугушууларга министрлердин орун басарлары, тармактык ведомстволордун өкүлдөрү, ошондой эле Башкы прокуратуранын облустук, райондук түзүмдөрүнүн жетекчилери катышууда», - деди ал.

Курманкул Зулушевдин айтымында, бул жолугушуулар “суроо-жооп” форматында өтүп жаткандыктан, жарандар ачык микрофон аркылуу көйгөйлүү суроолорун берип, аларга жыйынтыктуу жооп алууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлүүдө.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Баткен облусунун тургундарына кайрылып, буга чейин өткөн жыйындарга жалпысынан аймактардан 20 миңге жакын тургун катышып, эки миңден ашуун кайрылуулар түшкөнүн белгиледи.

Анын айтымында, калктын суроолору негизинен мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгү, чек ара аймактарынын көйгөйлөрү, жер тилкелеринин жетишсиздиги, суу менен камсыздоо, жол жана турак жай инфраструктурасын жакшыртуу, ошондой эле муктаж жана аялуу катмардагы жарандар үчүн социалдык жөлөкпулдардын жеткиликтүүлүгү маселелерине тийиштүү болууда.

Эртең, графикке ылайык, Баткен облусунун Кадамжай районунда жана Кызыл-Кыя шаарында эл менен жолугушуулар өтөт. Андан соң ушундай эле жолугушуулар Ош облусунун райондук борборлорунда өткөрүлөт.