07

Сентябрь

2022

Ош облусунда мамлекеттик органдардын калк менен жолугушуусу башталды

Кыргыз Республикасынын Ош облусунда калк менен мамлекеттик башкаруу органдарынын жетекчилеринин жер-жерлерде өткөрүлүп жаткан жолугушуулары башталды.


Бүгүн мындай жолугушуулар Ош облусунун Араван районунда жана Ноокат районунун Ноокат шаарында өтөт.

Тургундардын суроолоруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Курманкул Зулушев, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жооп беришет.

Аткаруу бийлигинин, ошондой эле көзөмөл жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн жолугушуулары Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча өткөрүлүүдө.