07

Сентябрь

2022

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жана Башкы прокурор Курманкул Зулушев Ош облусунун Ноокат районунун тургундары менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Курманкул Зулушев Ош облусунун Ноокат районунун тургундары менен жолугушту.


Райондун тургундары ичүүчү таза суунун жетишсиздиги, канализация, жол инфраструктурасын куруу, жерлерди трансформациялоо көйгөйлөрүн көтөрүштү. 



Суроолордун басымдуу бөлүгү  Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын жер-жерлердеги ишмердүүлүгүнө тиешелүү болду. Жыйындын жүрүшүндө көзөмөл органына адам укуктарынын бузулушу боюнча 56дан ашык арыз түшкөн.



Арыздардын олуттуу бөлүгү райондук жана облустук деңгээлдеги укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы тууралуу болду.



  Белгилей кетсек, жарандар жеринде өздөрүнүн көйгөйлөрү менен аткаруу бийлигинин, мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин орун басарларына кайрылышкан.
 


  Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин айтымында, социалдык мүнөздөгү 65тен ашык кайрылуулар келип түшкөн.



  «Ар бир көтөрүлгөн көйгөй жана кайрылуу жоопсуз калбайт жана жакынкы 2-3 жуманын ичинде чечилет», - деди ал.

 


 Ош облусунун Ноокат районундагы жыйынга жалпысынан 300дөн ашык адам катышты. Үстүбүздөгү жылдын 10-сентябрына чейин улана турган Ош облусунун тургундары менен жолугушууда 7 райондун борборуна баруу пландалууда.