08

Сентябрь

2022

Республикада мамлекеттик органдардын аймактардын тургундары менен байланышын жакшыртуу боюнча иштер күч алууда

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Курманкул Зулушев Ош облусунун Алай районунун тургундары менен жолугушту.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев белгилегендей, «эркин микрофон» жолугушуунун ар бир катышуучусуна өз оюн билдирип, аны кызыктырган суроону берүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

«Бизге алдын ала даярдалган, «дежур» суроолордун жана мактоолордун кереги жок. Эч кандай популизм болбошу керек. Биздин жолугушуунун мүмкүнчүлүгүн натыйжалуу пайдаланып, чыныгы орчундуу жана маанилүү көйгөйлөрдү көтөрүүгө аракет кылыңыздар», - деди Бакыт Төрөбаев.

Сөз алып сүйлөгөндөрдүн көпчүлүгү мамлекеттен тоо-кен ишканаларынын ишмердүүлүгүнө карай көзөмөлдү күчөтүүнү талап кылышты.

Гүлчө айыл өкмөтүнүн тургуну Нурбек Жусубалиев курулуш үчүн декоративдик таш казып алуудан улам экологиялык кырсык коркунучу орун алуу кооптуулугу бар экендигине көңүл бурду.

Жыйында айыл тургундары көтөргөн негизги көйгөйлөрдүн катарында сугат каналдарынын курулушу, жылытуу тутумунун жоктугунан жараксыз абалга келген билим берүү жана мектепке чейинки мекемелерди оңдоо маселелери болду.

Суроолордун дагы бир бөлүгү көпүрөлөрдүн курулушуна тийиштүү болду. Маселен, нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен улам сел жүрүп, «Будалык» айыл өкмөтүндөгү көпүрө бузулган, ал эми аны оңдоо иштери негизсиз создуктурулууда.

Бакыт Төрөбаев айылдык тургундарды угуп, тийиштүү түзүмдөргө бузулган көпүрөлөрдү жана каналдарды калыбына келтирүү үчүн каражат издеп табууну тапшырды.

Ошондой эле, Алай РИИБ айылдык милиция бөлүмүнүн кызматкерине кызматтык унаа бөлүп берүү маселеси жеринде чечилди.

Ирригацияны өнүктүрүү, канализация тутумун өткөрүү, таштандыларды чыгаруу, калкты ичүүчү таза ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча бир катар көйгөйлөр каралып, 2-3 жуманын ичинде чечилет.

«Жеринде болуп жаткан көйгөйлөр айтылганга чейин күтүп отуруунун кереги жок. Аларды чечүү үчүн сиздерде бардык ыйгарым укуктар бар. Иштегиле, карапайым эл көтөргөн көйгөйлөрдү тез арада чечүү үчүн зарыл болгон бардык чаралардын жыйындысын кабыл алгыла», - деди Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары залда отурган министрлердин орун басарларына жана өкмөттүк ведомстволордун жетекчилерине кайрылып.