09

Сентябрь

2022

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Ош шаарынын тургундары менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары  Бакыт Төрөбаев жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Курманкул Зулушев Ош шаарынын тургундары менен жолугушту.

Ош шаарынын тургундарынын суроолорунун басымдуу бөлүгү активдүү иш жүргүзүп, буга чейин ондогон жарандарды алдап кеткен коммерциялык эмес турак жай кооперативдеринин ишмердүүлүгүнө тиешелүү болду.

Көптөгөн кайрылуулар шаар четиндеги (дача) кыймылсыз мүлккө байланыштуу алдамчылык схемаларынын кесепеттерине тийиштүү.

Турак жай маселесиндеги даттануулар көп түшкөндүгүнө байланыштуу Башкы прокурор Курманкул Зулушев аталган маселени көзөмөлгө алууну убада кылып, көзөмөл органынын тармактык түзүмдөрүнө жабыркагандардын ар бири менен жолугушууну тапшырды.

Эртең Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жана башкы прокурор Курманкул Зулушев Ош облусунун Кара-Кулжа жана Өзгөн райондорунун жашоочулары менен жолугушууну пландоодо.