10

Сентябрь

2022

Ош облусунун Өзгөн районунун тургундары жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерине жана ичүүчү таза сууга муктаж

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Курманкул Зулушев Ош облусунун Өзгөн районунун тургундары менен жолугушту.

Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын имаратында өткөн жолугушууга 500дөн ашуун жаран катышты.

Жыйындын катышуучулары райондун он миңдеген тургундары жер тилкесин алууга кезекте тургандыгына байланыштуу жер тилкелерин трансформациялоо, Өзгөн шаарын айланып өтүүчү автоунаа боюндагы көпүрөнүн курулушун тездетүү, айланма жолдун өзүн оңдоп-түзөө жана жарандарды ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу сыяктуу маселелерди көтөрүштү. 

Өзгөн районунун тургундарынын айтымында, бала бакчалардын көптөгөн имараттары мурда менчиктештирилип, жеке менчикке өтүп кеткен. Алар көзөмөл органынын жетекчисине имараттарды мамлекеттин менчигине кайтаруу үчүн менчиктештирүүнүн мыйзамдуулугун текшерүү өтүнүчү менен жазуу жүзүндө арыз менен кайрылышкан.

Бакыт Төрөбаев чогулгандардын пикирин угуп, залда отурган мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө айтылган көйгөйлөрдү каттоого алуу менен  2 жуманын ичинде алардын чечилишинин жүрүшү тууралуу жеке өзүнө маалымат берүүнү тапшырды.

Белгилей кетсек, республиканын аймактарынын калкы менен жолугушуулар Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы менен өтүүдө.