13

Сентябрь

2022

Мамлекеттик органдардын жетекчилери Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун жана Нарын облусунун Ак-Талаа районунун тургундары менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Курманкул Зулушев жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү эл менен жолугушуусун улантууда.

Бүгүн Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун жана Нарын облусунун Ак-Талаа районунун тургундары менен жолугушуулар болуп өттү.

Жолугушууларга 500гө жакын тургундар катышып, анда инфраструктураны жакшыртуу, ичүүчү таза суу менен камсыздоо, жер тилкелерин бөлүп берүү, ошондой эле укуктук жааттагы бир катар маселелер көтөрүлдү.

Эске салсак, өлкөнүн аймактарында эл менен жолугушуулар Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча калкка актуалдуу маселелерди чечүүдө даректүү жардам көрсөтүү максатында өткөрүлүүдө.