17

Сентябрь

2022

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы маалымдайт (18:20 маалымат)

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 2022-жылдын 17-сентябры саат 18:20га Ош облусунун Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде кырдаал кайрадан чыңалып жаткандыгын маалымдайт.

 Ок атышууну токтотуу жана чек ара сызыгынан аскерлерин жана күчтөрүн чыгаруу боюнча бардык келишимдерди дагы бир жолу бузуп, тажик тарап КР УКМКнын Чек ара кызматынын “Карамык” чек ара  заставасынын чек арачыларына ок атуучу жана топтук куралдардан ок чыгарган. 

КР УКМКнын Чек ара кызматынын Чоң-Алай районундагы тарамдарынын өздүк курамы аймактардагы абалды турукташтырууга багытталган иш-чараларды жүргүзүүдө.