18
Сентябрь
2022
Кыргызстанда 19-сентябрь улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, 2022-жылдын 19-сентябры Кыргыз Республикасында улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.
2022-жылдын 14-17-сентябрында Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон куралдуу конфликтте Кыргыз Республикасынын жарандары курман болду.
Каза болгондорго терең кайгыруу менен аза күтүп, алардын туугандарынын жана жакындарынын кайгысын тең бөлүшүп, токтом кылынат:
- Кыргыз Республикасында 2022-жылдын 19-сентябры улуттук аза күтүү күнү деп жарыялансын;
- Улуттук аза күтүү күнү өлкөнүн бүткүл аймагында, ошондой эле чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелердин имараттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туулары ылдый түшүрүлсүн;
- маданият мекемелерине жана телерадиокомпанияларына улуттук аза күтүү күнү оюн-зоок иш-чараларын жана берүүлөрүн токтотуу сунушталсын.