20
Сентябрь
Атайын түзүлгөн комиссия кыргыз-тажик кагылышуусунан келтирилген чыгымды аныктоо иштерин баштады
Атайын түзүлгөн комиссия кыргыз-тажик кагылышуусунан келтирилген чыгымды аныктоо иштерин баштады
«Учурда кыргыз-тажик чек арасындагы согуштук аракеттерден кийин Баткен жана Ош облустарында келтирилген зыянды жана кыйратууларды аныктоо боюнча атайын комиссия иштеп жатат», - деп билдирди КРнын ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун башчысы, подполковник Жолдошбаев Ырысбек.
Алдын ала маалыматтар боюнча, куралдуу кагылышууда төмөндөгүлөр жок талкаланган:
Турак жай имараттары – 364;
Чарбалык курулуштар - 168;
Социалдык объектилер – 9 (мектеп – 5, бала бакча – 3, ФАП – 1);
Стратегиялык объекттер – 5;
Кыймылсыз мүлк жана турмуш-тиричиликти камсыздоо объектилери – 149;
Транспорт - 9.
Жолдошбаев белгилегендей, бул акыркы маалыматтар эмес, бардык аймакты, объектилерди изилдөө жана келтирилген зыянды баалоо боюнча иштер уланууда.