26
Сентябрь
2022
Бакыт Төрөбаев Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жамаатына жаңы жетекчини тааныштырды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жамаатына жаңы директор Умбриэль Темиралиевди тааныштырды.
Бакыт Төрөбаев өлкөгө инвестиция тартуу жана аны коргоо боюнча комплекстүү иштерди жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, анын ишине ийгиликтерди каалады.