04

Октябрь

2022

Минкаб башчысы Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жамаатына жаңы жетекчини тааныштырды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин борбордук аппаратынын жамаатына министрдин милдетин аткаруучу Тилек Текебаевди тааныштырды.

Минкаб башчысы транспорт тармагында башталган реформаларды ишке ашырууну улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Ал ири долбоорлорду ишке ашыруунун, анын ичинде унаа жолдорун, Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече жана Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолдорун куруунун маанилүүлүгүн белгиледи.