04
Октябрь
Министрдин милдетин аткаруучу Алтынбек Максутов Маданият министрлигинин эмгек жамаатына тааныштырылды
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин борбордук аппаратынын жамаатына министрдин милдетин аткаруучу Алтынбек Максутовду Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тааныштырды.
Эдил Байсалов өз сөзүндө жаңы жетекчинин ишине ийгиликтерди каалап, заманбап тенденцияларды эске алуу менен ыкчам иштөө маанилүү экенин белгиледи.
Ошондой эле ал өз сөзүндө, Министрлик мамлекеттин идеологиялык өзөгү болуп, маданият, маалымат, спорт, туризм, жаштар саясатын жана улуттар аралык мамилелерди жөнгө салган ири мамлекеттик мекеме экенин баса белгиледи.
Эске салсак, Алтынбек Максутов Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.