10

Октябрь

2022

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Коргоо министрлигинин курал-жарак жана аскердик техникаcын оңдоо боюнча борбордук базасынын ачылышына катышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев аскер бөлүктөрүнүн биринин аймагында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Курал-жарак жана аскердик техникасын оңдоо боюнча борбордук базасынын ачылыш аземине катышты.

Иш-чарага Россия Федерациясынын коргоо ведомствосунун өкүлдөрү да катышты.

Борбордук ремонттук базанын аймагында штаттык курал-жарактарды жана аскердик техниканы комплекстүү тейлөөнүн жана оңдоонун бардык түрлөрү жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын башында Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын Коргоо министрликтеринин ортосундагы эл аралык аскердик кызматташтыктын алкагында аскердик-техникалык жардам көрсөтүү жаатындагы келишимге кошумча макулдашууга кол коюлган. Документке ылайык, россиялык тараптан чатыр-мобилдик баш калкалоочу жай – курал-жарактарды жана аскердик техниканы көмөкчү жабдыктары менен кошо техникалык тейлөө жана оңдоо пунктун жеткирүү, орнотуу жана жабдуу түрүндө жардам көрсөтүлгөн.

Министрлер Кабинетинин башчысынын орун басары Бакыт Төрөбаев россиялык тарапка аскердик-техникалык жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, эки мамлекеттин ортосундагы аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыкты мындан ары чыңдоо жана өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.