11
Октябрь
Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барды
Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапарынын алкагында «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барды.
Ал 1916-жылкы каргашалуу окуялардын натыйжасында каза болгондордун эстелигине жана сталиндик репрессиянын курмандыктарынын эстелигине гүлчамбар коюп, ошондой эле кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун элесине таазим этип, бейитине гүл койду.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасы ортосундагы Экономикалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын теңтөрагасы Бакыт Төрөбаев катышты.