19
Октябрь
2022
Жайылда үч бала бакча ачылды
Чүй облусунун Жайыл районунда соңку эки күндүн ичинде үч мектепке чейинки билим берүү мекемеси ишке берилди.
1. Полтавка айылындагы “Солнышко Полтавка” 100 орундуу муниципалдык бала бакчасынын курулушу 2021-жылы башталган. Долбоордун жалпы суммасы 35 млн сомду түзүп, АРИС тарабынан 33млн 300миң сом жана жергиликтүү бюджеттен 1 млн 700 миң сом бөлүнгөн.
2. Кара-Балта шаарындагы “Дельфин Кара-Балта” 480 орундуу муниципалдык бала бакчасынын курулушуна жалпы 21 млн 760 миң сом сарпталып, анын ичинен 8 млн 780 миң сом Чүй облустук өнүктүрүү фондунан каржыланып, 12 млн 980 миң сом жергиликтүү бюджеттен бөлүндү.
3. Моңолдор айылындагы 50 орундуу муниципалдык бала бакчасы – долбоорунун жалпы суммасы (имаратты толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү) 2 млн 822 миң сомду түзүп, республикалык бюджеттен 2 млн 450 миң сом, жергиликтүү бюджеттен 338 миң сом бөлүнгөн жана демөөрчүлөр тарабынан 33 миң сом кошумча берилген. Имарат Моңолдор айылынан чыккан жеке ишкер Улан Кожомкулов тарабынан белекке берилген.