19
Октябрь
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров: Баткен облусунун жабыркаган тургундары тарабынан алынган 250 кредит кечирилди

Коммерциялык банктар 2022-жылдын 14-17-сентябрында Баткен облусунда орун алган окуядан жабыркаган жана насыясы бар жарандар менен иш алып барууда. Учурда жалпы суммасы 13,5 млн сомдук 250 кредит кечирилип, 2,5 млн сом суммасындагы 13 кредит реструктуризацияланды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жалпы жыйынында билдирди.
«Ак-Сай айылынын четинде чакан чарбаны чоң ишканага - канаттуулар фабрикасына айланткан ишкер курман болгонун билесиңер. Анын дээрлик 9 млн сомго жакын банктагы карыздары жабылды. Мен бул компанияга жеке өзүм бардым. Канаттуулар фабрикасы калыбына келтирилет жана кеңейтилет. Бул маселе менин жеке көзөмөлүмдө», - деди ал.