19
Октябрь
2022
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров: Быйыл мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде кошумча 4000 орун түзүүгө жетиштик

Быйыл мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде кошумча 4000 орун түзүүгө жетиштик. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жалпы жыйынында сүйлөгөн сөзүндө билдирди.
«Учурда республикалык бюджеттин эсебинен 55 бала бакча курулуп жатат, жыл аягына чейин 14 бала бакчанын курулушу жыйынтыкталат. Акыркы 10 жылда өлкөдө 24 бала бакча курулса, акыркы 2 жылда биз 26 бала бакча курууга жетиштик», - деди ал.