19

Октябрь

2022

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров: Үстүбүздөгү жыл башында энергетиканы өнүктүрүүгө мамлекет тарабынан 12,5 млрд сом бөлүнгөн

img

 Быйылкы жылдын башында энергетиканы өнүктүрүүгө мамлекет тарабынан 12,5 млрд сом бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө каржылоо 15,5 млрд сомго жетти. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин пленардык жыйынында билдирди. 

«Отун сатып алууга жана электр энергиясын импорттоого - 9 млрд сом, Камбар-Ата-1 ГЭС курулуш иштерин баштоого даярдык көрүү этабына 1,6 млрд сом бөлүндү. Үстүбүздөгү жылдын декабрына чейин Токтогул ГЭСинин 4-гидроагрегатын ишке киргизүү пландалууда. Натыйжада, Бишкек ЖЭБиндеги жүктөм бир топ кыскарат», - деди Министрлер Кабинетинин Төрагасы. 

Ал белгилегендей, быйыл өлкөнүн суу-энергетикалык балансынын көрсөткүчтөрү былтыркыга салыштырмалуу жакшы.

 «Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү былтыркыга салыштырмалуу 1,5 млрд куб метрге көп. 2022-жылы өлкөнүн электр энергиясына болгон муктаждыгы 16 млрд кВт саатты түзөт. Электр энергиясына болгон керектөөнү камсыздоо максатында Өзбекстан, Түркмөнстан жана Казакстан Республикасы менен тиешелүү келишимдер түзүлдү», - деди Акылбек Жапаров.