26

Октябрь

2022

ЭКБ пайдалануу менен электр энергиясын иштеп чыгуу жана берүү боюнча ишти жүзөгө ашыруунун шарттары жана тартиби жөнүндө жобо бекитилди

Энергиянын кайра жаралуучу булактарын (ЭКБ) пайдалануу менен электр энергиясын иштеп чыгуу жана берүү боюнча ишти жүзөгө ашыруунун шарттары жана тартиби жөнүндө жобо бекитилди. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Аталган чечим “Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 4-пункттарын, 9-беренесинин 12-пунктун, 17-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашыруу максатында кабыл алынган.

Белгилей кетсек, бул Жобо энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен өндүрүлгөн энергиянын бардык түрлөрүнө белгиленген тарифтердин алкагында энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен электр энергиясын иштеп чыгуу жана берүү боюнча ишти жүзөгө ашыруунун шарттарын жана тартибин аныктайт. 

Тарифтик преференциялар каралган бул Жобо энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен жаңы объекттерге ЭКБ-орнотмолорун эксплуатацияга киргизүү учурунан тартып колдонулат.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү жана пайдаланууну колдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталды.