26

Октябрь

2022

Эдил Байсалов: Акыйкатчы институтунун ишиндеги негизги нерсе – адамдарга карата формалдуу мамиле кылуудан алыстап, кайрылуулар үчүн «почта ящигине» айланбоо зарыл

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) институтунун 20 жылдыгына арналган «Адам укуктарын коргоодогу Акыйкатчы институтунун ролу» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты.

Эдил Байсалов өз сөзүндө Мамлекет башчынын жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын атынан катышуучуларды Акыйкатчы институтунун түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгы менен куттуктады.

«Акыйкатчы институту – адам укуктарын коргоого байланышкан көйгөйлөрдү чечүүнүн натыйжалуу механизми, ал демократиялык мамлекеттерде орун алган маанилүү инструменттердин бири болуп саналат. Акыйкатчы институтунун ишиндеги негизги нерсе – адамдарга карата формалдуу мамиледен алыстап, кайрылуулар үчүн «почта ящигине» айланып калбоосу зарыл”, - деп белгиледи Министрлер Кабинетинин жетекчисинин орун басары.

«Албетте, Акыйкатчы жөнүндө мыйзам өзгөртүүлөргө муктаж, бул институт акыйкаттуулуктун жана адамдын мыйзамдуу укуктарынын чыныгы жактоочусу болушу керек», - деп жыйынтыктады Эдил Байсалов.

Белгилей кетсек, «Адам укуктарын коргоодогу Акыйкатчы институтунун ролу» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга жакынкы жана алыскы 7 өлкөнүн Акыйкатчылары жана эл аралык донордук уюмдардын өкүлдөрү катышууда.