27
Октябрь
2022
Облустук коллегия отуруму болуп өттү
Бүгүн, 27-октябрда Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаевдин төрагалыгы астында райондук мамлекеттик администрация башчыларынын – акимдердин, Токмок шаарынын мэринин, облустук, райондук түзүмдүк башкармалыктардын башчыларынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин катышуусунда облустук коллегия отуруму болуп өттү.
Отурумда эки маселе каралды:
1. Чүй облусунун 2022-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен социалдык-экономикалык өнүгүүсү;
2. 2022-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында, райондук мамлекеттик администрацияларда, Токмок шаарынын мэриясында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында расмий иш кагаздар жана жарандардын кайрылууларын кароодо аткаруучулук тартибинин абалы.