28

Октябрь

2022

Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Астана шаарына келди

img

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Астана шаарына (Казакстан Республикасы) жумушчу сапары менен келди.

Жумушчу сапардын алкагында Министрлер Кабинетинин башчысы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.

Ошондой эле Казакстан Республикасынын Президенти менен өкмөт башчыларынын жамааттык жолугушуусу пландаштырылган.